Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 1734-VII
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбекти шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта "Жакышов Русланбек Шергазиевич" деген сөздөр "Коргонбай уулу Жусупбек" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Н.Шакиев |