ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 38-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 19-январы № 114
Жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө
Таш-Дөбө айылдык өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Урмат Нурланович Мукашевдин маалыматын, Бер-булак айылына салына турган мектептин жер тилкесинин багытын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө, угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө (Бер-Булак) айылында жайгашкан 1 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан жолдордун жана курулуштардын алдындагы жерлерди “Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына, багыты “Мектеп” куруу үчүн өзгөртүлсүн (трансформация);
2. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана макулдашуу;
3. Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Таш-Дөбө (Бер-Булак) айылынын башкы планына тактоолорду киргизүүнү;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мукашев У.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |