Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-январы № 115
Суу алуучу жайды (водозабор) куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Мукашев Урмат Нурлановичтин суу алуучу жай (водозабор) курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө (Бер-Булак) айылынан 5,5 сотых суу алуучу жай (водозабор) курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү.
2. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана макулдашуу;
3. Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Таш-Дөбө (Бер-Булак) айылынын башкы планына тактоолорду киргизүүнү;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мукашев У.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |