ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 38-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 19-февралы № 119
Заречное айылынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Нурналович Мукашевдин жана Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Курманбаев Алмаз Болотбековичтин сөзүн угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Заречное айылынын 5 сотых жер участогуна, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруу үчүн, башкы планын өзгөртүүгө уруксат берилсин;
2. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана макулдашууну сурануу;
3. Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы Заречное айылынын башкы планына түзөтүүлөрдү киргизүүнү өтүнсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мукашева У.Н. жүктөлсүн
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |