ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 38-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 22-февралы № 121
Жер участогун трансформациялоо жөнүндө
Тентиев Мурзабек Молдобековичтин “Жер участогун айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка максаттар үчүн” жер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө” арызын карап, Тентиевдин өкүлүн, ошондой эле Таш-Дөбө айылдык кеңешинин жер комиссиясынын төрагасы Калманбетов Төрөбек Муратовичти угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айылында жайгашкан 3 гектар жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин;
2. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтерди макулдашсын жана даярдалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мукашева У.Н. жүктөлсүн
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |