ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 38-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 22-февралы № 123
Жер участогун оперативдүү башкарууга өткөрүү жөнүндө
Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдразаковдун 2024-жылдын 16-февралындагы №03-20/61 катын карап, ошондой эле Малиновка жана Кашка-Суу айылдарынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Байтик айылынын өкүлүн жана Таш-Дөбө айылдык кеңешинин жер комиссиясынын төрагасы Калманбетов Төрөбек Муратовичти угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Малиновка айылынын Центральная көчөсүндөгү мурунку мектептин имараты менен 0,6191 га жер тилкеси төмөнкү шарттарда бала бакча ачуу үчүн 20 жылдык мөөнөткө Байтик айыл өкмөтүнүн оперативдүү башкармалыгына берилсин:
1) Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балдары үчүн квота 100% бала бакчадагы балдардын санынын 50%ын түзөт;
2) Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балдарын тамак-ашын Байтик айыл өкмөтүнө көтөрөт;
3) Бала бакчанын башчысы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат;
4) Бала бакчанын бардык коммуналдык төлөмдөрү Байтик айыл өкмөтү тарабынан төлөнөт;
5) Берилген жер участогуна жаңы имарат куруу же эски имаратты оңдоо боюнча кандай гана чечим болбосун Таш-Дөбө айыл өкмөтү менен макулдашылууга тийиш.
2. Келишим түзүүдө жогорудагы шарттарды эске алынсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мукашева У.Н. жүктөлсүн
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |