Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 1778-VII
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда четке кагуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары А.К.Назаров, Р.М.Туманбаева, А.О.Узакбаев, С.К.Нышанов, А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда четке кагылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
Дж.Исаева |