Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январы № 111 токтомуна ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 35-чи кезектеги жыйыны

 

2023-жылдын 30-ноябры № 103

 

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүштүк катышуусунун негизинде көп кабаттуу үй куруу үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, ошондой эле Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылынын 17-ноябрдагы корутундусунун негизинде, Таш-Дөбө айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. «Эркиндик Авеню» ЖЧКсына Орто-Сай айылында жайгашкан 2 778м2 жана 8 900м2 жер тилкелерин, бардыгы 11 678м2 жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө үлүштүк курулуш шартында убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилсин.

 

2. «Эркиндик Авеню» ЖЧКсы менен Таш-Дөбө айыл өкмөтү үлүштүк катышуу шартында жер тилкесин ижара берүү келишими түзүлсүн.

 

3. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн үлүшү жалпы пайдалуу сатылуучу аянттын 100 (жүз) пайызынан 15 (он беш) пайыз коммерциялык аянтчалар өлчөмүндө белгиленсин.

 

4. Ижара акысынын өлчөмү Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №64 токтому менен бекитилген тарифтерге ылайык белгиленсин.

 

5. «Эркиндик Авеню» ЖЧКсынан Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык жактан аялуу катмарына 3 кабаттуу 2 подъезддүү турак жай имаратын куруу түрүндөгү социалдык пакет кабыл алынсын.

 

6. Токтом юстиция органдарында каттоодон өткөрүлсүн.

 

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.