КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 1
Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагаларын жана орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, Бириккен Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1 протоколунун негизинде Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Кара-Буура айыл аймагынын Кара-Буура айылдык кеңешине Жеңишбек уулу Алтынбек шайланган төрагасы деп таанылсын.
2. Бириккен Кара-Буура айыл аймагынын Кара-Буура айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп Бакеева Гулкайыр Тагайкуловна жана Сатыбалдиев Арстанбек Абдыалимович таанылсын.
3. Ушул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |