Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 3
Көчөнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясынын протоколунун чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын Үч-Булак айылынын Жаштык көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канаттандырылып, Үч-Булак айылынын Жаштык көчөсү Жаштык 5 көчөсүнүн кесилишинен түндүк тарабы Сүйүнбеков Дубана , түштүк тарабы Мамбеткулов Акылбек атындагы көчө болуп аталышы өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун көчүрмөсү тиешелүү тараптарга жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык жана маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. .
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |