Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-июлу № 347
Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү механизмин андан ары өнүктүрүү жана туруктуу иштетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен биргеликте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча талаптагыдай чараларды көрсүн.
3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу түзүлгөн, юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу берилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, сервистер жана санариптик документтер кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ деп белгиленсин.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу түзүлгөн, юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу берилген санариптик документтерди, маалымкаттарды жана документтерди кабыл алууга жана таанууга милдеттүү деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 430 "Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана санариптик документтерди берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-июлундагы № 50 (3603) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |