Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы N 285 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн жана чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектурасы, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственного предприятия "Кыргызкурулуш" при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызкурулуш" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызкурулуш".
6. Ишкананын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
7. Ишкана өзүнүн ишин толук чарбалык эсеп, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принцибинде жүргүзөт.
8. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана эскиздери уюштуруучу тарабынан бекитилүүчү визуалдык өзгөчөлүктүн башка каражаттары болот.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери бар.
10. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон обочолонгон мүлккө ээ, бул мүлк менен өзүнүн милдеттенмелери боюнча жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге ээ, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү зарылдыгына жараша белгиленген тартипте түзүүгө укуктуу.
12. Ишкананын курамына өкүлчүлүктөр жана филиалдар кирет.
Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Ишкананын директору бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
13. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2-глава. Ишкананын ишинин максаттары, предмети жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаты жана предмети республика боюнча социалдык-маданий багыттагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча заказдарды аткаруу болуп саналат.
15. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) заказчы жана/же башкы подрядчы катары менчигинин түрүнө карабастан объекттерди жана курулмаларды долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо боюнча иштердин бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу;
2) атайын багыттагы өзгөчө маанилүү жана режимдик объекттерди долбоорлоо, куруу жана жабдуу чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу;
3) келишимдердин (контракттардын) негизинде мамлекеттин, чарбакер субъекттердин жана Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөлөрүнө ылайык аткарылуучу жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоо;
4) курулуш боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык оңдоо-курулуш өндүрүшүн камсыз кылуу;
5) республика боюнча социалдык-маданий багыттагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткаруу сапатын контролдоону камсыз кылуу;
6) курулуш жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
7) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
8) долбоордук жана подрядчы уюмдарды долбоордук-уруксат берүүчү документтер, ошондой эле типтүү, жеке жана кайталап колдонулуучу долбоорлорду байланыштыруу үчүн бардык зарыл маалыматтар менен камсыз кылуу;
9) долбоордук уюмдар менен долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана берүү графигин макулдашуу, аны аткаруунун жүрүшүн контролдоо, газ менен жабдуунун, электр менен жабдуунун, жылытуунун, ысык жана муздак суу менен жабдуунун, канализациянын, радио жана телефон тармактарынын эксплуатациялоочу уюмдары менен макулдашуу, тиешелүү органдардан курууга уруксат алуу;
10) долбоордук-сметалык документтерге ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун мөөнөтүн жана сапатын техникалык регламенттердин талаптарын жана курулуштагы сейсмикалык ченемдерди сактоо менен камсыздоо, долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жумушчу чиймелер, жумуш көлөмү өзгөргөн учурда тиешелүү органдар менен макулдашуу;
11) курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү-жөнгө салуу жана иштин башка түрлөрүнүн өндүрүшүн башкарууну уюштуруу жана камсыз кылуу, курулуш объекттерин эксплуатацияга киргизүүгө даярдоо;
12) курулуп бүткөн объекттерди кабыл алуу боюнча ишке катышуу жана аларды эксплуатациялоочу уюмдарга тапшыруу (өткөрүп берүү);
13) капиталдык курулуш объекттерин техникалык кайра жабдуу (комплектөө), ошондой эле бул объекттерди жабдуулар жана курулуш материалдары менен камсыз кылуу;
14) курулушу, реконструкциясы жана капиталдык оңдоосу бүтпөгөн объектти консервациялоо учурунда подрядчы менен бирдикте сакталышын камсыз кылуучу тиешелүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүү;
15) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тендерлерди уюштуруу жана өткөрүү;
16) долбоорлоо, курулуш уюмдары жана жабдууларды, курулуш материалдарын берүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
17) менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы архитектура жана курулуш органдары, долбоорлоо жана подряддык уюмдар, заказчы-инвесторлор менен өз ара аракеттенүү.
16. Лицензияланууга (уруксат берилүүгө) тийиш болгон иштин түрлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырылат.
17. Ишкана өзүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен же кардар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде көрсөтүлгөн кызматтардын иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша өз алдынча белгиленген баалар жана тарифтер боюнча ар түрдүү кызматтарды көрсөтөт.
18. Түздөн-түз каржылоо учурларында мамлекеттик муктаждыктар үчүн жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалар жана тарифтер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана монополияга каршы орган менен макулдашылууга тийиш.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
19. Ишкана коюлган милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) финансы-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүзөгө ашырууга;
3) Ишкананын уставдык максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен бүтүмдөрдү жана келишимдерди түзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
5) өзүнүн иши үчүн зарыл болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, жабдууларды жана атайын техниканы, жарандык товар айландыруунун башка предметтерин белгиленген тартипте курууга жана өз балансына кабыл алууга, Кыргыз Республикасында да, ошондой эле анын чегинен сырткары жерлерде да менчикке жана ижарага алууга;
6) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары иштиктүү байланыштарды ишке ашырууга, кызматкерлерди чет өлкөлөргө иш сапарларга жиберүүгө жана Ишкананын ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасында кабыл алууга;
7) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл сатып алууларды жүргүзүүгө;
8) эл аралык финансылык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү эл аралык инвестициялык конкурстарга жалпы негизде катышууга;
9) ушул Уставда каралган иш багыттарынын чегинде талаптардын жана суроо-талаптардын негизинде заказдар портфелин түзүүгө жана өзүнүн финансылык-чарбалык ишин жүргүзүүгө;
10) келишимдердин (контракттардын) негизинде мамлекеттин, чарбакер субъекттердин жана Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөлөрүнө ылайык аткарылуучу жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн аныктоого;
11) өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
12) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
13) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды белгиленген тартипте тартууга;
14) эл аралык уюмдар менен кызматташууну ишке ашырууга;
15) Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына ылайык чарбалык башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга менчик ээсинин макулдугу менен келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
16) чет өлкөлүктөрдү кошо алганда, атайын мекемелерден, мамлекеттик жана башка банктардан, ишканалардан жана жарандардан кредит алууга;
17) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
20. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иш аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарууга;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн комплекстүү, келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууга;
3) курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу, капиталдык салымдарды, негизги фонддорду, эмгектик, материалдык жана финансылык ресурстарды пайдалануу маселелерин чечүүнү камсыз кылууга;
4) өздүк курулуш комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, подряддык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
5) өздүк курулуш объекттери боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну уюштурууга, аларды экспертизага берүүгө жана белгиленген тартипте бекитүүгө;
6) жолдорду жана жасалма курулмаларды курууда илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы технологияларды киргизүүнү ишке ашырууга жана камсыз кылууга;
7) кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
9) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
10) кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирбестен алардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуучу эмгектин жагымдуу шарттарын, турмуш-тиричилик жана башка зарыл шарттарды түзүүгө;
11) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык жана ыкчам эсеп жүргүзүүгө жана алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга;
13) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
14) республика боюнча социалдык объекттерди куруу жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну уюштурууга;
15) курулуш жана капиталдык оңдоо боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын сакталышын камсыз кылууга;
16) аткарылуучу курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын, алардын бекитилген долбоорлоо-сметалык документтерге, курулуш ченемдерине жана стандарттарына, коопсуздук техникасынын ченемдерине жана объекттерде эмгекти сарамжалдуу уюштуруунун талаптарына ылайык келишин текшерүүгө;
17) сунуштарды киргизүү менен кошумча жана күтүлбөгөн иштердин жана чыгымдардын компенсациясын кароого;
18) пайдаланылуучу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапатын күбөлөндүрүүчү документтердин болушун текшерүүгө (сапат паспорттору, сертификаттар, лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары ж.б.);
19) баштапкы аткаруучу техникалык документтердин болушун жана туура жүргүзүлүшүн текшерүүгө;
20) жоопкерчилик аймактарынын чегинде курулуш жана капиталдык оңдоо объекттеринде көйгөйлүү маселелерди аныктоо менен курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүнө жана мөөнөттөрүнө мониторинг жүргүзүүгө;
21) социалдык-маданий багыттагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо объекттерин куруу жана социалдык объекттерди капиталдык оңдоо маселелери боюнча Ишкананын иш чөйрөсүндө ишканалардын жана уюмдардын дооматтарын, даттанууларын, арыздарын, кайрылууларын, сунуштарын кароого;
22) социалдык-маданий багыттагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо объекттерин куруу жана социалдык объекттерди капиталдык оңдоо маселелери боюнча жарандардын жана уюмдардын кайрылууларына жоопторду даярдоого.
4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын финансылык-чарбалык иши боюнча чечимдерди кабыл алуу;
7) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын ишке ашырылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
8) Ишкананын директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарды бекитүү;
9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына андан ары сунуштоо үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
10) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерине жана жалпысынан Ишкананын финансылык-чарбалык ишине тиешелүү буйруктарды, тапшырмаларды берүүгө;
2) ушул Уставга ылайык иш жүргүзүүдө Ишкана тарабынын тартуу үчүн долбоорлук жана курулуш уюмдарынын тизмегин бекитүүгө;
3) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын жетекчилигинин буйруктарынын, тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Ишканадан суроого жана алууга;
4) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
5) Ишкананын аймагына анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн барууга;
6) аткаруу органынын отчетторун угууга;
7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
23. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ишкананын ишине байланышкан чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясы
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын директоруна жана анын орун басарына сыйакы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү;
9) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорунун сунушу менен Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын директору жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага бекитилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
6-глава. Уюштуруучунун компетенциясы жана аткаруу органы
25. Ишкананын аткаруу органы болуп анын жетекчиси - Ишкананын директору саналат, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
26. Ишкананы мамлекеттик башкаруу органы сунуш кылган, Ишкананын директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу директор жетектейт.
27. Уюштуруучунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин предметин, максаттарын жана негизги багыттарын аныктоо;
2) бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча методикалык колдонмону ишке ашыруу, Ишкананын эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук абалын координациялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын контролдоо;
3) Ишкананын финансылык-чарбалык ишине ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын иши боюнча отчетторду жана маалыматтарды алуу;
4) Ишкананы түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу;
5) Ишкана тарабынан өндүрүлүүчү, аткарылуучу, көрсөтүлүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин белгилөө жана аныктоо жана алардын бааларынын (тарифтеринин) прейскурантын бекитүү;
6) Ишкананын финансылык пландарын жана алардын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетторду бекитүү;
7) уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырууга укуктуу.
28. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын ишине жана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттерде;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
29. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) эмгек акы фондун кошуу менен кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
7) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
9) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
11) Ишкананын директорунун орун басарларынын, башкы инженеринин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын белгилөө;
12) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотууну жүзөгө ашыруу;
13) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү;
14) Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу, алардын аткарылышын контролдоо;
15) мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескөө;
17) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
30. Директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоонун тартибин аныктоого;
6) Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
31. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына кабарлоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
32. Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
33. Директор жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
34. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
35. Директордун орун басары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директор менен директордун орун басарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык ага жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектейт.
36. Директор жок болгон учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу директордун тиешелүү буйругунун негизинде директордун орун басарына өткөрүлүп берилет.
37. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына жүктөлөт.
38. Ишкананын башкы бухгалтери директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ага түздөн-түз баш иет. Башкы бухгалтер эсептин тууралыгы жана Ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
40. Ишкананын филиалдары бар, алардын иши үчүн Ишкана толук жоопкерчилик тартат, алардын жайгашкан жери:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу;
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусу;
- Кыргыз Республикасынын Талас облусу;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусу;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусу.
41. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
42. Ишкананын филиалдары юридикалык жак болуп саналбайт жана Ишкана тарабынан бекитилген филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иштейт. Филиалдардын банктарда эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн номери жана аталышы көрсөтүлгөн штамптары жана мөөрү болот.
43. Филиалдардын жетекчилери мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат жана аларга директор тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде иштейт.
44. Ишкананын филиалдарынын жетекчилерин кызматтан бошотууда көрсөтүлгөн ишеним каттардын колдонулушу токтотулат.
7-глава. Ишкананын мүлкү, финансылык-чарбалык иши, пландоо жана каржылоо
45. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Ишканага бекитилет.
46. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардан турат жана чарбалык башкаруу укугунда Ишканага бекитилет.
47. Ишкана өзүнө бекитилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана уюштуруучу белгилеген чекте жүргүзөт.
48. Ишкананын чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же уюштуруучунун макулдугусуз бул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
49. Ишкана финансылык-чарбалык ишти анын жылдык бюджетинин негизинде иштелип чыккан өнүгүүнүн стратегиялык планына ылайык жүргүзөт.
50. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу ар айлык, кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
51. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду берет.
52. Ишкананын каржылоо булагы төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
2) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) бюджеттен тышкары каражаттар;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
53. Мамлекеттик ишканалар жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине ал бекиткен таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин, кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен которот.
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
54. Ишкананы кайра уюштуруу биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндөгү кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
55. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
56. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде (акционерлештирүүдө) турган жоопкерчилиги чектелген коомго кайра түзүлөт.
57. Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын мураскору болуп саналат.
58. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
- мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
- соттун чечиминин негизинде.
59. Ишкананы жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын директору жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде жоюлуучу Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
60. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.