ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-апрели № 31/1
Чүй айылындагы жаңы конуштун көчөлөрүнүн атын Ала-Тоо атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жөнүндөгү" мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Чүй айылындагы жаңы конуштун Проектируемый атындагы көчөлөрүн Ала-Тоо атындагы көчөгө алмаштыруу жөнүндөгү жаңы конуштун тургундарынын жамааттык арызынын негизинде жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чүй айылындагы Жаңы Конуштун Проектируемый – 1, Проектируемый – 2, Проектируемый – 3 атындагы көчөлөрү Ала-Тоо-1, Ала-Тоо-2, Ала-Тоо-3 атындагы көчөлөргө алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Көчөлөрдүн аттарын алмаштырууга зарыл болгон иш кагаздарын мыйзам чегине ылайык алып баруу жагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага | Б.О.Кыдырбаев |