Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  

2024-жылдын 5-апрели № 31/2

 

Садовое айылынын атын Масымкан атындагы айылга өзгөртүү жөнүндө

Чүй айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 31–сессиясынын 31-протоколуна, Садовое айылынын жашоочуларынын жаматтык арызына, Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү , географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү Жобого, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамдын 6-статьясынын 2-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое атындагы айылды, Масымкан атына которууга макулдук берилсин.

2.    Географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү Жобонун 11-пунктуна ылайык Садовое айылынын аталышын Масымкан атына өзгөртүү жөнүндө Чүй райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.

3.    Айылдын атын алмаштырууга зарыл болгон иш кагаздарын мыйзам чегине ылайык алып баруу жагы Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Таалайбековго милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Б.О.Кыдырбаев