Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 2-июлундагы № 347
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 430
Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана санариптик документтерди берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасында колдонуучуга багытталган санариптик кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жаңы мамилени жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 30-апрелине чейинки мезгилде төмөнкүдөй юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын:
- төлөм системаларынын операторунун лицензиясы бар;
- мобилдик тиркеменин ээлери болуп саналган;
- мобилдик тиркемесинде 100000 ден (жүз миң) кем эмес колдонуучусу бар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата Талаптарын бекитүү жөнүндө" бекитилген токтомуна ылайык "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын катышуучулары болуп саналган;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинде жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) катары катталган;
2) Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен биргеликте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
3) пилоттук долбоор оң ишке ашырылган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу туруктуу негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу түзүлгөн, юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу берилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, сервистер жана санариптик документтер Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык күчкө ээ экендиги белгиленсин.
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу түзүлгөн, юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу берилген санариптик документтерди, маалымкаттарды жана документтерди кабыл алууга жана таанууга милдеттүү деп белгиленсин.
4. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүүнүн убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 28-августунда www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |