КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 5
Муниципалдык ишкананы түзүү жана каттоо жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясынын протоколунун чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык ишкана түзүлсүн.
2. Түзүлгөн ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |