Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы

2024-жылдын 4-апрели № 6

 

Кара-Буура айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Буура айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-февралындагы №2 токтому менен бекитилген Регламентине жана Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясынын протоколунун чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет 2 баракта)

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Жеңишбек уулу А.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

Кара-Буура айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

2024-жылдын 4-апрелиндеги

№6 токтому менен бекитилди

 

№

Аткарылуучу иштин аталышы

Аткарууга жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

1

Айылдык кеңештин регламентин бекитүү.

Туруктуу комиссия, жооптуу катчы

I чейрек

2

Айылдык кеңештин иш планын бекитүү.

Айылдык кеңештин депутаттары, жооптуу катчы

I чейрек

3

Жергиликтүү калк менен иштөө, атуулдардын жеке арызын жана даттанууларын кароо, жеке маселелер боюнча кабыл алуу.

Айылдык кеңештин депутаттары, жооптуу катчы

Дайыма

4

Айыл аймактагы мектептердин жана бала бакчалардын ички чарбалык иштеринин абалы, 2024-жылга материалдык техникалык базасы, көрктөндүрүү иштеринин жыйынтыгы.

Социалдык жана маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия.

II чейрек

5

Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата кабыл алынган бюджеттин биринчи жарым жылдыкта аткарылышын көзөмөлдөө. Айыл аймакка инвестицияларды жана гранттарды тартуу.

Бюджет боюнча туруктуу комиссия.

III чейрек

6

Айыл аймактагы дене-тарбия жана спорт тармагындагы көйгөйлүү маселелер, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу

Туруктуу комиссия

III чейрек

7

Айыл өкмөт башчысынын 6 айдын жыйынтыгы боюнча отчету.

Айыл өкмөт башчысы

III чейрек

8

Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселелерин кароо,

Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө

Туруктуу комиссия,

Жайыт комитетинин төрагасы

III чейрек

9

Муниципалдык менчикти башкаруу, атайын техникалардын иштери,

Турмуш тиричилик калдык тарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу иштери боюнча маалыматты угуу

Айылдык кеңештин депутаттары

III чейрек

10

Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү

Туруктуу комиссиялар,

иш кагаздарын алып баруучу адис

Ар бир кезектүү сессиядан мурда

11

Айыл аймактагы СПА жана ИСКАКБларынын эгин талааларын суугат суусу, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуусу.

Туруктуу комиссия, СПА, ИСКАКБнын жетекчилери

III чейрек

12

Айыл өкмөт башчысынын

 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчету.

Айыл өкмөт башчысы

IV чейрек

13

Айыл өкмөт башчысынын

Айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчету

Айыл өкмөт башчысы

IV чейрек

14

Айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин, жергиликтүү маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймагынынын өнүгүшүнө белгилүү салым кошкон жарандардын ишин баалап, жыл аягында аларды сыйлыкка көрсөтүү

Туруктуу комиссия

Жооптуу катчы

IV чейрек