Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 17-июлу № 125
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Судьялардын квалификациясын жогорулатуу окуу программаларына ылайык 3 жылда бирден кем эмес жолу, бул мезгилге эмгек акысын сактоо менен, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 271-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырышат.";
2) 13-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу судьянын ишинин сапатын акыркы кесиптик баалоонун натыйжаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.";
3) 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү соттордун иштеп жаткан судьялары менен аңгемелешүү өткөрүүдө судьялардын ишинин сапатын акыркы кесиптик баалоонун натыйжалары эске алынат.";
4) 26-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда судьялардын ишинин сапатын акыркы кесиптик баалоонун натыйжалары эске алынат.";
5) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоонун натыйжаларын эске алуу менен жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы тарабынан дайындалат.";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-глава менен толукталсын:
"41-глава. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо
271-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо
1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын, иштерди кароодо мыйзамдуулукту камсыз кылууда судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөк көрсөтүү, судьялар корпусунун сапаттык курамын жакшыртуу, судьялардын кесиптик квалификациясынын жана көндүмдөрүнүн өсүшүнө түрткү берүү, кошумча кесиптик даярдыктан өтүү зарылдыгын аныктоо жана кызмат боюнча жогорулоонун адилеттүү шарттарын түзүү максатында Судьялар кеңешинин Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо судьялардын көз карандысыздык принцибин бузбоого тийиш. Судья тарабынан чыгарылган сот актыларынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү баалоого алынбайт.
3. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоонун натыйжалары судьялардын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн негиз боло албайт.
4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоонун натыйжалары төмөнкүдөй учурларда пайдаланылат:
1) жергиликтүү соттордун судьяларын кесиптик даярдоонун жана кайра даярдоонун зарылдыгын аныктоодо;
2) жергиликтүү соттордун иштеп жаткан судьяларын конкурстук тандоодо;
3) жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгарууда;
4) жергиликтүү соттор кайра уюшулгандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун судьяларын которууда (ротациялоодо);
5) жергиликтүү соттордун судьяларын жергиликтүү соттун төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоодо.
5. Жергиликтүү соттун судьясынын ишинин сапатын кесиптик баалоонун натыйжалары Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук мааниден төмөн болгон учурда, судья квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүүгө жана баалоонун натыйжасы алынган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин анын ишинин сапатын кесиптик баалоодон кайталап өтүүгө милдеттүү.
6. Эгерде жергиликтүү соттун судьясынын ишинин сапатын кесиптик баалоонун натыйжалары Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук мааниден кайрадан төмөн болуп калса, судья квалификацияны жогорулатуу курстарына кайрадан жиберилет жана бир жыл өткөндөн кийин судьянын ишинин сапатын кесиптик баалоодон кайрадан өтөт.
272-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баалоо жүргүзүүнүн шарттары
1. 20 жана андан ашык жыл судьялык стажы бар судьяларды кошпогондо, жергиликтүү соттордун судьялары ар бир 4 жылда судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоодон (мезгилдүү баалоо) өтүшөт.
2. Судьяны жергиликтүү соттун төрагасы же төрагасынын орун басары кызмат ордуна дайындоо маселесин чечүүдө жана сунуштоодо судьянын ишинин сапатын кесиптик баалоо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин жүзөгө ашырылышы мүмкүн (учурга карата баалоо).
273-берене. Судьялар кеңешинин жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссия
1. Судьялар кеңешинин Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссиясы (мындан ары - Баалоо боюнча комиссия) 7 мүчөдөн турат жана Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнөн жана кынтыксыз абройго ээ болгон, 5 жылдан кем эмес судьялык иш тажрыйбасы бар судьялардын ичинен түзүлөт. Мында Судьялар кеңешинен - 3 талапкер, судьялардан - 4 талапкер көрсөтүлөт.
2. Баалоо боюнча комиссиянын ишинин улантылуусун камсыз кылуу максатында анын курамынын 1/3и биринчи жолу 2 жылдык мөөнөткө, курамдын 2/Зси 1 жылдык мөөнөткө шайланат. Андан кийин Баалоо боюнча комиссиянын курамы анын мүчөлөрү шайланган мөөнөт бүткөнүнө жараша жаңыланып турат.
Баалоо боюнча комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар Судьялар кеңешинин кароосуна анын төрагасы тарабынан киргизилет.
Баалоо боюнча комиссиянын бир эле мүчөсү катары менен эки мөөнөткө шайлана албайт. Баалоо боюнча комиссия өз ишин Судьялар кеңеши тарабынан бекитилүүчү Жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
274-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоонун критерийлери
Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоонун критерийлери судьялардын мыйзамдар чөйрөсүндөгү билим деңгээлин, практикалык көндүмдөрүн, кесиптик жана жеке сапаттарын, ошондой эле алардын социалдык компетенттүүлүгүн аныктоого багытталган сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдөн турат.
Критерийлер бир тектүү топторго бөлүнөт. Критерийлердин биринчи тобу боюнча максималдуу баа 50 баллды, экинчиси боюнча - 30, үчүнчүсү боюнча - 20 баллды түзөт, алар андан ары жекече критерийлер боюнча бөлүштүрүлгөн. Судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоонун максималдуу баллы 100 баллды түзөт. Критерийлердин ар бир тобунда баллдардын минималдуу босоголук мааниси максималдуу баллдын 70 пайызын түзүшү керек.
Судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо баллынын минималдуу босоголук мааниси 70 баллдан төмөн белгилениши мүмкүн эмес.
275-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо
1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо жана баалоо критерийлери Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет жана Судьялар кеңешинин сайтына жарыяланат.
2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баалоо жүргүзүү жөнүндө жобо ушул конституциялык Мыйзамда каралган судьялардын көз карандысыздык принцибине жооп берүүгө, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын ар тараптуу жана объективдүү баалоо үчүн шарттарды түзүүгө тийиш.
Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатына кесиптик баалоо жүргүзүү жөнүндө жободо жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоонун чектери, баалоо методикасы, узактыгы жана жол-жобосу, баалоо критерийлери, судьялардын ишинин сапатын баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу ыкмалары так жана кеңири көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Баалоо боюнча комиссиянын жыйналышы ишине баа берилип жаткан жергиликтүү соттун судьясынын милдеттүү түрдө катышуусу менен өткөрүлөт. Күтүлбөгөн жагдайлардын келип чыгышынан улам судьянын жеке катышуусу мүмкүн болбогон учурда төраганын чечими боюнча жыйналыш кийинкиге калтырылышы же ишине баа берилүүчү судьянын макулдугу менен анын онлайн форматта катышуусунда өткөрүлүшү мүмкүн.".
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо 3 жана андан көп жыл иш стажы бар жергиликтүү соттордун судьяларына карата жүргүзүлөт. Андан кийин судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоо "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 272-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
3. Сот системасынын органдарына жана соттук өз алдынча башкаруу органдарына ушул конституциялык Мыйзамдын келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 55 (3609) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |