КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 7
Комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобосуна жана Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясынын протоколунун чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомунун негизинде иш алып баруу үчүн Кара-Буура айыл өкмөтүнүн түзүлгөн комиссиясына Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынан бирден депутат төмөндөгү тизме боюнча киргизилсин.
- Асылбеков Копболсун Кушубакович;
- Иманбеков Маткерим Рысбекович;
- Бекбердиев Мирбек Анашбекович;
- Мирланов Улук-Мырза Мирланович;
- Карбозова Салкынбүбү Орунбековна;
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |