Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  

2024-жылдын 5-апрели № 31/5

 

Чүй айыл өкмөтүнүн «Чүй Суу-канал» муниципалдык ишканасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 сандуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө Токтомуна таянып, Чүй айылдык  кеңешинин XXVIII  чакырылышынын 31 – сессиясынын 31-протоколуна, Кыргыз  Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын  34-беренесине ылайык,  Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Чүй айыл өкмөтүнүн алдындагы «Чүй Суу-канал» муниципалдык ишканасынын уставына кошумча укук-милдеттенмелер киргизилип өзгөртүлсүн.

2.     «Чүй Суу-канал» муниципалдык штаттык ырааттамасы, түзүмү кайрадан каралып, толуктоолор киргизилип бекитилсин.

3.     Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүндөгү техника каражаттары, комиссия аркылуу «Чүй Суу-канал» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.

4.     «Чүй Суу-канал» муниципалдык ишканасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө зарыл болгон иш-кагаздарын толуктоо Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Таалайбековго милдеттендирилсин.

5.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.О.Кыдырбаев