Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын IV сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 1
Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн, Кара-Буура айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Кара-Буура айыл өкмөтүн башчысына Схематикалык картага кол коюу тапшырылсын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |