Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 17-июлу № 122
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин он биринчи абзацы күчүн жогопу деп таанылсын;
2) 5-беренеде:
а) 2-бөлүктүн биринчи абзацында "Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүктө "ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
г) 6-бөлүктө "ведомстволор аралык комиссиянын сунушу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
д) 8-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине киргизүү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.";
3) 8-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "ведомстволор аралык комиссияда," деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктө "ведомстволор аралык комиссиянын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Ведомстволор аралык комиссия" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызмат көрсөтүүлөр белгиленген критерийлерге ылайык келген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.";
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кызмат көрсөтүүлөр белгиленген критерийлерге ылайык келгенде жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими менен кабыл алынат. Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегине киргизүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.";
4) 12-берененин 4-бөлүгүндө "ведомстволор аралык комиссияга," деген сөздөр алып салынсын;
5) 15-берененин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин" деген сөздөр алып салынсын;
6) 16-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында ", ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 55 (3609) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |