ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 22-январы № 30/7
Чүй айыл өкмөтүнө «Чүй облустук өнүктүрүү» фондунан акча каражатын алууга уруксаат берүү жөнүндө
«Чүй облустук өнүктүрүү» фондунан Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айылындагы күнүмдүк жөнгө салуучу бассейинди (БСР) оңдоп-түздөөгө акча каражатын кароо боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айылындагы күнүмдүк жөнгө салуучу бассейинди (БСР) оңдоп-түздөөгө «Чүй облустук өнүктүрүү» фондунан акча каражатын алууга уруксаат берилсин.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Акча каражатка долбоор түзүү жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Таалайбековго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага | Б.О.Кыдырбаев |