Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясы
2024-жылдын 31-майы № 2
1937-1938-жылдары репрессиянын курмандыктары болгон Т.Айтматов, С.Моңолбаев жана Э.Эсенамановдун айкелдерин Кызыл-Адыр айылына орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясынын протоколунун чечимине ылайык Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1937-1938-жылдары репрессиянын курмандыктары болгон Т.Айтматов, С.Моңолбаев жана Э.Эсенамановдун айкелдерин Кызыл-Адыр айылына орнотууга макулдук берилсин.
2. Айкел орнотуу үчүн Кызыл-Адыр айылындагы Е.Абилдаев атындагы сейил бактан 150.0 м2 жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык жана маданий иштери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |