Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясы
2024-жылдын 31-майы № 4
Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бала-бакча курууга бекитип берүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын V сессиясынын протоколунун чечимине ылайык Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын Үч-Булак айылындагы Назыр (Школьная) көчөсүнүн №27 дарегиндеги Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жалпы аянты 3662,0 м2 жер тилкеси 100 орундуу бала бакча куруу үчүн бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарба, муниципалдык менчик жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |