Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 347 токтому менен бекитилди) |
Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери
аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик
документтерди берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү тартиби (мындан ары - Тартип) юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү боюнча катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле аларды берүүнүн шарттарын аныктайт.
2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жана/же "Tunduk" мобилдик тиркемеси аркылуу түзүлгөн электрондук формадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, сервистер жана санариптик документтер катышуучулардын мобилдик тиркемелерине жайгаштырылат.
3. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (ЭКМП) - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү жана жайылтууга арналган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга арыз ээлеринин жетүүсүн камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык система;
2) "Tunduk" мобилдик тиркемеси ("Tunduk" МТ) - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү программалык камсыздоо;
3) катышуучу - төлөм системаларынын операторунун лицензиясына ээ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) катары катталган, "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын катышуучусу жана 100000ден (жүз миң) кем эмес колдонуучусу бар мобилдик тиркеменин ээси болуп саналган юридикалык жак;
4) колдонуучу - юридикалык жактын мобилдик тиркемесинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди колдонуучу болуп саналган, Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу идентификациялоодон өткөн юридикалык же жеке жак;
5) сервис - электрондук түрдө кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды автоматташтырылган ыкма менен көрсөтүү жана ЭКМПда жана/же "Tunduk" МТда түзүлгөн функцияларды ишке ашыруу максатында юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн ыкмасы;
6) кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр - тиешелүү маалыматтык системанын менчик ээсинин (ээсинин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулган жана ЭКМПда жана/же "Tunduk" МТда түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу колдонуучуларга көрсөткөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелер жана ишканалар;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
8) оператору - ЭКМПда жана "Tunduk" МТда администрациялоого, модернизациялоого жана техникалык жактан коштоого ыйгарым укуктуу, катышуучулардын мобилдик тиркемелерине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси;
9) кызмат көрсөтүү - юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу, ЭКМПдагы санариптик (электрондук) формада берилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү;
10) кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы - ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн, катышуучулардын мобилдик тиркемелери аркылуу берилүүчү электрондук документ (маалымкат, маалыматтык документ, санариптик документ). Электрондук документ формасындагы кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кагаз жүзүндөгү документке барабар деп таанылат;
11) катышуучунун мобилдик тиркемеси - ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн санариптик документтерди жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасын чагылдырууну жүзөгө ашыруучу, анын ичинде колдонуучунун кызмат көрсөтүүлөргө, сервистерге жана санариптик документтерге жетүүсүн камсыз кылуучу программалык камсыздоо;
12) булут электрондук колтамгасы - технологиянын жардамы менен ишке ашырылган юридикалык жактан маанилүү квалификациялуу электрондук колтамга, ал электрондук колтамганы колдонуу менен бардык эсептөө операцияларын тышкы сервиске (булутка) өткөрүп берет, колдонуучу тарапка ким экендигин ырастоо жана операцияны ыңгайлуу ыкма менен жасоо зарылдыгын гана калтырат.
4. Ушул Тартипте башка терминдер жана аныктамалар электрондук башкаруу, электрондук колтамга, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтарга жеткиликтүүлүк, электр жана почта байланышы, жарнамалар, банк мыйзамдары, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган маанилерде колдонулат.
2-глава. Оператордун жана катышуучунун өз ара
аракеттенүүсүнүн шарттары жана тартиби
5. Төмөнкү юридикалык жактар катышуучу боло алат:
1) төлөм системаларынын операторунун лицензиясы бар;
2) мобилдик тиркеменин ээси болуп саналган, мобилдик тиркемесинде 100000ден (жүз миң) кем эмес колдонуучу бар;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга ылайык "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын катышуучулары болуп саналган;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) катары катталган.
6. Катышуучусу болуу үчүн юридикалык жак операторго төмөнкүдөй ырастоочу документтер менен өтүнмө берет:
1) төлөм системаларынын операторунун лицензиясынын көчүрмөсү;
2) Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестриндеги каттоо номерин көрсөтүү аркылуу көчүрмө менен колдонуучулар жана мобилдик тиркемеге ээлик кылуу жөнүндө, колдонуучулар жана мобилдик тиркемеге ээлик кылуу жөнүндө документ менен ырастаган расмий кат.
7. Оператор юридикалык жактын өтүнмөсүн 5 (беш) жумуш күндүн ичинде карайт.
8. Өтүнмө ээсинин мобилдик тиркемеси оператор тарабынан белгиленген эрежелерге жана техникалык талаптарга, ошондой эле электрондук башкаруу жана киберкоопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келген учурда оператор жана өтүнмө ээси зарыл болгон коопсуздук чараларын жана жеке мүнөздөгү маалыматты сактоо менен, жеке маалыматтар массивдеринин кармоочулары (ээлери) катары жеке маалыматтарды иштеп чыгууну баштоодон мурда аныктоого тийиш болгон так жана алдын ала аныкталган, жарыяланган жана мыйзамдуу максаттардан айырмаланган максаттарда акыркы алуучуларга сервистерди жана кызмат көрсөтүүлөр процессинде катышуучуларга белгилүү болгон маалыматты пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө шартты киргизүү менен сервистин (кызмат көрсөтүүнүн) деңгээли жөнүндө макулдашуу (Service level agreement - SLA) түзөт.
9. Сервистин (кызмат көрсөтүүнүн) деңгээли жөнүндө типтүү макулдашуу (Service level agreement - SLA) оператор тарабынан бекитилет.
10. Өтүнмө ээсинин мобилдик тиркемеси ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, оператор юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү боюнча катышуучу болууга өтүнмөнүн туура келбегендигин кабарлоо үчүн негиз болгон себептерди жоюу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине ага ошол кемчиликтерди оңдоого мүмкүнчүлүк берүү менен кабарлайт.
11. Катышуучу болууга өтүнмөнүн шайкеш эместиги жөнүндө кабарлоо үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин өтүнмө ээси операторго өтүнмөнү кайталап берүүгө укуктуу.
12. Эгерде өтүнмө ээси тарабынан кемчиликтер ал кабарланган учурдан тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде жоюлбаса, анда оператор өтүнмөнү кайтарат.
13. Сервистин (кызмат көрсөтүүнүн) деңгээли жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин оператор катышуучуга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сервистерге, сервистерге жана санариптик документтерге "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жетүүгө мүмкүндүк берет.
14. Катышуучуга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү процессинде акыркы алуучуларга белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү менен байланышпаган маалыматтарды жеке максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
15. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү үчүн катышуучу:
1) Бирдиктүү идентификациялоо системасы менен мобилдик тиркемени интеграциялоону жүзөгө ашырат;
2) мобилдик тиркеменин колдонуучусу үчүн Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу катышуучунун мобилдик тиркемеге кирүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашырат;
3) мобилдик тиркемеде "Түндүк" деген аталыштагы өзүнчө бөлүмдү ишке ашырат, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди алуу мүмкүндүгү болууга тийиш.
16. Катышуучу оператордон сервистерге кирүү мүмкүндүгүн алгандан кийин 90 (токсон) календардык күндөн ашырбастан, ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн кызматтардын жана санариптик документтердин натыйжаларын чагылдырууну, анын ичинде пайдалануучунун кызматтарга, сервистерге жана санариптик документтерге кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылууну ишке ашырат.
17. Ишке ашыруу жок болгон учурда оператор сервистерге кирүүгө бөгөт коёт.
18. Оператор сервистерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт койгон учурда катышуучу ушул Тартиптин 5-10-пункттарына ылайык сервистерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө кайрадан өтүнмө берет.
19. Катышуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Оператордон сервистерге жетүү мүмкүнчүлүгүн алгандан кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн кызматтардын жана санариптик документтердин натыйжаларын чагылдырууну, анын ичинде колдонуучунун кызматтарга, сервистерге жана санариптик документтерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну ишке ашырууга;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды сактоону кошуп алганда, маалыматты коргоо боюнча уюштуруучулук жана техникалык чараларды камсыз кылууга;
3) "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жайылтууга түздөн-түз тыюу салынган же жол берилбеген кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистердин тиркемелердеги максаттуу беттеринде жарнамаларды жайгаштырууга толук тыюу салууну камсыз кылууга;
4) өзүнүн тиркемелеринин туруктуу иштөө жөндөмдүүлүгүн колдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык маалыматты коргоону жана коопсуздук деңгээлин камсыз кылууга.
20. Катышуучулар кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн алынган маалыматтарды (документтерди, жеке мүнөздөгү маалыматты) өз тиркемелеринде сактоого укугу жок.
3-глава. Колдонуучулардын кызмат көрсөтүүлөрдү жана
сервистерди алуу шарттары жана тартиби
21. Катышуучунун мобилдик тиркемесинин колдонуучусу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу авторизациялоодон жана аутентификациялоодон өтөт.
22. Бирдиктүү идентификациялоо системасында идентификациялоо, анын ичинде булут электрондук колтамга алууда жүзөгө ашырылат.
23. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн колдонуучу "Түндүк" бөлүмүнө өтөт, анда авторизациялоодон кийин Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, сервистер жана санариптик документтер жеткиликтүү болот.
24. ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн узактыгы тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен аныкталат.
25. ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн маалымкаттагы, маалыматтык документтеги же санариптик документтеги маалыматтар дал келбеген учурда колдонуучу кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүгө зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кайрылат.
26. ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу түзүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө зарыл болгон учурда (эгер кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү болуп саналса), колдонуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө акы төлөйт.
27. Кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө ЭКМП жана "Tunduk" МТ аркылуу электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу жүргүзүлөт.
28. Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасынын иштөө тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке жана юридикалык жактардын төлөмдөрдү төлөөсү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин пайдасына башка төлөмдөрдү төлөө жөнүндө маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 709 "Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен регламенттелген.
4-глава. Корутунду жоболор
29. Электрондук формада мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр процессинде берилүүчү маалымат (анын ичинде жеке маалыматтар) катышуучулар жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр тарабынан санкцияланбаган кирүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, бөгөттөөдөн, сыртка чыгып кетүүдөн жана жеке максаттарда, ошондой эле ушул Тартипке каршы келген максаттарда пайдалануудан корголууга тийиш.
30. Катышуучунун жетекчиси маалыматка санкцияланбаган жетүү жана жайылтуу үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
31. Колдонуучунун кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талабын кароо боюнча милдет жүктөлгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери, алардын кызмат адамдары ЭКМП жана/же "Tunduk" МТ аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн негизсиз баш тарткандыгы жана сапатсыз көрсөткөндүгү үчүн "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат.
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 347 токтому менен бекитилди) |
Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери
аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик
документтерди берүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү тартиби (мындан ары - Тартип) юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди берүү боюнча катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле аларды берүүнүн шарттарын аныктайт.
2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жана/же "Tunduk" мобилдик тиркемеси аркылуу түзүлгөн электрондук формадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, сервистер жана санариптик документтер катышуучулардын мобилдик тиркемелерине жайгаштырылат.
3. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (ЭКМП) - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүнү жана жайылтууга арналган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга арыз ээлеринин жетүүсүн камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык система;
2) "Tunduk" мобилдик тиркемеси ("Tunduk" МТ) - Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү программалык камсыздоо;
3) катышуучу - төлөм системаларынын операторунун лицензиясына ээ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) катары катталган, "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын катышуучусу жана 100000ден (жүз миң) кем эмес колдонуучусу бар мобилдик тиркеменин ээси болуп саналган юридикалык жак;
4) колдонуучу - юридикалык жактын мобилдик тиркемесинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди колдонуучу болуп саналган, Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу идентификациялоодон өткөн юридикалык же жеке жак;
5) сервис - электрондук түрдө кызмат көрсөтүүнүн, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды автоматташтырылган ыкма менен көрсөтүү жана ЭКМПда жана/же "Tunduk" МТда түзүлгөн функцияларды ишке ашыруу максатында юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн ыкмасы;
6) кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр - тиешелүү маалыматтык системанын менчик ээсинин (ээсинин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулган жана ЭКМПда жана/же "Tunduk" МТда түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу колдонуучуларга көрсөткөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелер жана ишканалар;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
8) оператору - ЭКМПда жана "Tunduk" МТда администрациялоого, модернизациялоого жана техникалык жактан коштоого ыйгарым укуктуу, катышуучулардын мобилдик тиркемелерине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, сервистерди жана санариптик документтерди жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу "Түндүк" ачык акционердик коому;