ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 33-чү кезектеги жыйыны
2023-жылдын 17-октябрындагы № 89
Жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча
«Джей Кей Констракшин» ЖЧКсынын өкүлү Б.А. Аснованын жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча арызын карап, ошондой эле «Джей Кей Констракшин» ЖЧКсынын өкүлү С.М. Тойболотовду жана Таш-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын төрагасын Т.М. Калманбетовду угуп чыгып жана талкуулап Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Орто-Сай айылындагы, идентификациялык коду 7-01-16-0006-0189, аянты 0,2665 га, №24/2 Контурда жайгашкан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына, багыты «Көп кабаттуу үй» курууга которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Орто-Сай айылындагы, идентификациялык коду 7-01-16-0006-0189, аянты 0,2665 га, №24/2 Контурда жайгашкан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына, багыты «Көп кабаттуу үй» курууга которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |