КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-январы № 1805-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерге сунуштаманы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Сатыев Медербек Асанбекович курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Н.Т. Шакиев |