Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 98 токтомуна ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 33-чү кезектеги жыйыны

 

2023-жылдын 17-октябрындагы № 87

 

«Кадастр» Мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын 2023-жылдын 6-мартындагы № 01-16\437 катын карап, ошондой эле Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын, жер комиссиясынын төрагасы Т.М.Калманбетовдун жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Н.Адашпасов пикирлерин угуп, жана талкуулап

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеш:

 

ТОКТОМ  кылат:

 

1. «Кадастр» Мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратын куруу үчүн Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө а/о, Байтик-Баатыра көчөсү, №5 контур дарегинде жайгашкан 0,20 га жер тилкеси берилсин;

 

2. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 контурда жайгашкан жалпы аянты 0,20 га жер тилкесинин максаттуу багыты «Кадастр» Мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратын куруу үчүн өзгөртүлсүн;

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.