Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 8-февралы № 1866-VII

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна шайлоо үчүн сунушталган талапкерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык Нурматов Жузупбек Шоконович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев