Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-февралы № 1867-VII
"Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ашимова, Н.А.Нарматова, А.А.Козуев, Ш.Мажитова, З.Д.Мамасадыков, Н.Я.Алимжанова, А.Н.Абдибаева, А.К.Малиев, В.К.Раимбачаева, М.О.Темирбаева, С.А.Атамбаев, Г.С.Молдобекова, Д.Д.Бекешев, А.А.Исираилов, Ш.К.Атазов, К.Л.Ханджеза, Л.Х.Лурова, А.А.Айдарова, Ч.И.Ажибаев, Ж.Таалайбек кызы, Дж.К.Исаева, М.А.Маматалиев, Ф.Д.Исмаилов, М.Ж.Сыдыков, Ч.А.Султанбекова, С.А.Айжигитов, Б.В.Шабазов, А.Т.Эрбаев, А.Б.Кенжебаев, К.А.Талиева, А.Исатбек кызы, Д.А.Джумабеков, Ж.Коргонбай уулу, Г.О.Култаева тарабынан демилгеленген "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |