Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин ХXIX чакырылышынын
кезексиз ХXXIII сессиясынын
2024-жыл 05-июлу №40
Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы эс алуу багындагы жайкы кинотеатрды, идентификациялык коду 3-07-01-1001-1073, жалпы 1,49 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Т.А.Баймурзаевдин 26.06.2024-жылдагы № 08/2858 каты, Токтогул райондук мамлекетттик администрациясынын 04.07.2024-жылдагы №01-17/2699 каты, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 04.07.2024-жылдагы 01-17/1047 каты Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын 04.07.2024-жылдагы жыйналышында каралып, Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы эс алуу багындагы жайкы кинотеатрды, идентификациялык коду 3-07-01-1001-1073, жалпы 1,49 га жер тилкеси менен, мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы эс алуу багындагы жайкы кинотеатрды, идентификациялык коду 3-07-01-1001-1073, аянты 1,49 га жер тилкеси менен мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
2. Аталган мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча бардык иштер жер, мүлк маселелерине тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
3. Мүлктү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы эске алынсын.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: |
Т.К. Өзүбеков |