ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 29-чу кезектеги жыйыны
2023-жылдын 13-июлундагы № 75
Айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлердин категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Калчаев Адамдын арызын карап, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясына которууга (трансформациялоого) жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айыл аймагында, идентификациялык коду 7-01-16-0018-0332, аянты 1,74 га, 538 Контурда жайгашкан «чөп чабуу» багытындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясына «Эс алуу жайы» багытына туризмди өнүктүрүү үчүн которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Таш-Дөбө айыл аймагында, идентификациялык коду 7-01-16-0018-0332, аянты 1,74 га, 538 Контурда жайгашкан «чөп чабуу» багытындагы «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы» категориясына «Эс алуу жайы» багытына туризмди өнүктүрүү үчүн которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |