Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-июлундагы № 71
Коомдук мончолордун иштөөсунө чектөө жөнундө
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин “Акыйкат” депутаттык тобунун арызын карап жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан коомдук мончолордун иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизилсин:
а) Дүйшөмбү, шаршемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук мончолорду иштетүүгө тыюу салынат
б) Коомдук мончолор шейшемби жана бейшемби күндөрү иштөөгө уруксат
2. Коомдук мончолордун иштөөсүнө коюлган бул чектөөлөр Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө ичүүчү суунун абалы жакшырганга чейин күчүндө болот.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. ошондой эле «Таза Таш-Дөбө» муниципалдык иш канасынын директоруна Омеркулов Т.С. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |