Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-июлундагы № 71
Киреше жана чыгаша планын тактоо жөнундө
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов Арзымат Жыргалбековичтин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына киреше жана чыгаша планын көбөйтүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына кирешелер планынын ашыкча аткарылышына байланыштуу төмөндөгү салыктар боюнча план көбөйтүлсүн:
Киреше салыгы – 2 850 миң сом
Бардыгы: 2 850 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |