Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышынын 2-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 2-апрели № 3
Жаңы муниципалдык ишкананы ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык эки айыл аймагы бириктирилген: Таш-Дөбө менен Арашан бир Арашан айыл өкмөтүнө айланган.
Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин оозеки кайрылуусун карап жана талкуулоп,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. “Таза-Таш-Дөбө” муниципалдык ишканасы менен “Арашан биримдиги” муниципалдык ишканасы бириктирилсин;
2. «Таза-Таш-Дөбө» муниципалдык ишканасы жабылсын;
3. «Арашан биримдиги» муниципалдык ишканасына юридикалык дарек ыйгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Т.Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Курманбаев А.Б. |