Редакцияот 25.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 27-кезектеги сессиясы

 

2023-жылдын 25-апрелиндеги № 63

 

Коомчулуктун айылдарынын Инвенстициялык ассоциациясын Катоо жөнүндө

Таш-Дөбө айылдык кеңеши аткаруу комитетинин төрагасы К.А. Алымкуловдон 10.04.2023ж. келип түшкөн азызын карап чыгып, талкуулап АКИАнын өзүнүн уставдык ишин жүргүзө ала турган аймакты аныктоо өтүнүчү боюнча жана айылдык коомчулуктун инвенстициялык бирикмесинин Уставын учеттук каттодон өткөрүү жөнүндө

 

Таш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын аймагы АКИАнын ишмердүүлүгүн белгилөө үчүн чекара катары аныкталсын;

2. Бекитилген Уставдын жана протоколдун негизинде АКИАнын Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинде учеттук каттоодон өткөрүлсүн;

3. Айыл өкмөтү АКИАга жана анын аткаруу комитетине анын Уставына жана кызматташуу келишимине ылайык Таш-Дөбө айыл аймагынын аймагында анын ишин жүзөгө ашырууга жардам берсин;

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн;

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Дж. Меймановко жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б.