ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 26-чы кезексиз жыйыны
2023-жылдын 27-мартындагы № 62
Таш-Дөбөн айыл өкмөтүндөгү келешим негизиндеги кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө
Таш-Дөбөн айылдык кеңешинин депутаты Ергешев Азамат Бектурович менен Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн башчысы Арзымат Жыргалбекович Меймановдун сөзүн угуп жана талкуулап.
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө келишим негизинде иштеген төмөндөгү кызматкерлердин айлык акысы салыктарды эске албаганда 15000 сомго чейин көтөрүлсүн:
1) Джусупбеков Тимурлан Адылович – сметалык инженер
2) Секимова Мадина Аязбековна – мамлекеттик сатып алуу боюнча кызматкер
3) Максютова Асель Джолдошбековна – юрист
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |