БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
XXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-июлундагы № 1
Балыкчы шаардык Кеңешине штаттык бирдик ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык жана Балыкчы шаардык Кенешинин социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын чечимин карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык, Балыкчы шаардык Кеңешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү-1 штаттык бирдиги 2024-жылдын 15-июлунан баштап киргизилсин.
- Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Балыкчы башкармалыгынын начальниги-К. Кожомбердиевге жана социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков