Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
XXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-июлундагы № 2
Балыкчы шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомуна, Балыкчы шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Балыкчы шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык кеңешинин штаттык саны 4 штаттык бирдик санда түзүлсүн, анын ичинде:
· Саясий муниципалдык кызмат орундары – 1 штаттык бирдик;
· Административдик муниципалдык кызмат орундары - 1 штаттык бирдик;
· Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 1 штаттык бирдик.
· Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү-1 штаттык бирдик;
2. Балыкчы шаардык кенешинин аппаратынын жаны структурасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Балыкчы башкармалыгынын начальниги- К. Кожомбердиевге жана социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М. Абдразаков
Балыкчы шаардык Кеңешинин
Балыкчы шаардык Кеңешинин
XXVIII чакырышынын XXVIII
сессиясынын №2 токтомуна
1- тиркеме
Балыкчы шаардык Кеңешинин аппаратынын административдик муниципалдык кызматкерлеринин структуралык түзүмү:
|
|
|
|