АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышынын 2-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 2-апрели № 6
Трансформатор орнотуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Жыйында Арашан айылынын тургундары А.Д.Насыбекова, А.Керимкулова, Джалоев Б.Д. арызын карап чыгып жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Трансформатор орнотуу үчүн Арашан айылынын Узун-Кир жана Чуңкурчак көчөлөрүнүн кесилишинен 33 га турак жай аянтынан 2х2 жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Т.Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Курманбаев А.Б. |