ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 24-чү кезексиз жыйыны
2023-жылдын 27-январындагы № 51/1
2022-жылга кирешелер жана чыгашалар сметасын аткаруу жөнүндө
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысынын милдетин аткаруучу Э.Б.Момбекованын сөзүн жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Меймановдун 2022-жылга кирешелер планын жана чыгаша сметасын аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүгү боюнча отчет кабыл алынсын:
- негизги эсеп боюнча киреше бөлүгү 42 323,6 миң сом суммасында
- негизги эсеп боюнча чыгаша бөлүгү 43 563,3 миң сом суммасында
- атайын ылайык эсептин кирешеси 2 947,2 миң сом суммасында
- атайын ылайык эсептик чыгашалар 2 257,8 миң сом суммасында
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |