Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин
XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2024-жылдын 7-майы № 12
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Арашан айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекетик ишканасы тарабынан түзүлгөн айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Арашан айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды
1. Арашан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макул эместигин билдирет.
2. Арашан айылдык кеңешинин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Арашан айыл аймагына караштуу “Сеил” багынын айланасындагы аймагындагы жер тилкелери Арашан айыл өкмөтүнө караштуу болуп калсын.
4. Арашан айылдык кеңеши “Сеил” багынын айланасындагы аймагын административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Бишкек шаарына өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алган эмес. “Сеил” багынын айланасындагы аймакты жергиликтүү жарандар туризмди өнүктүрүү үчүн аябай көп салым кошуп, иштетип жүрүшөт. Айыл өкмөтүнүн бюджетине дагы “Сеил” багынын айланасындагы аймагы аябай чон мааниге ээ.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Аламүдүн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Бул токмомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырдым.
Төрага | Курманбаев А.Б. |