Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 65 токтомуна ылайык ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 26-чы кезексиз жыйыны
2023-жылдын 27-мартындагы № 61
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айылынын №5 контурунда жайгашкан жерлерди изилдөө үчүн ошондой эле бул жерлерди пайдалануу боюнча Таш-Дөбө айылдык кеңешине сунуштарды киргизүү боюнча убактылуу комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Курманбаев Алмаз Болотбековичтин жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Арзымат Жыргалбекович Меймановдун сөзүн угуп жана талкуулап
Таш-Дөбө айылдык кеңеши:
ТОКТОМ кылат:
1. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн, Орто-Сай айылында, №5 контурда жайгашкан жерлерин изилдөө боюнча, Таш-Дөбө айылдык кеңешине жер тилкеси кандай пайдалануу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн убактылуу комиссиянын төмөнкүдөй курамы бекитилсин:
2. Мурда чыгарылган 2023-жылдын 27-мартындагы №61 токтому жокко чыгарылсын.
3. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылынын бардык контурларында, тактап айтканда №5 контурда жайгашкан жерлерин изилдөө жана андан ары сунуштарды Таш-Дөбө айылдык кеңешине киргизүү боюнча убактылуу комиссиянын 17 адамдан турган курамы бекитилсин:
1) Рыскелдиев Талгар - Орто-Сай айылынын өкүлү
2) Жумагулов Бердибек Кенжегулович - Орто-Сай айылынын өкүлү
3) Белеков Тилек Кемелович – С.Чокморова айылынын өкүлү
4) Усупбекова Токтокан - Заречное айылынын өкүлү
5) Кудайбергенов Бакай Абылабекович - Таш-Дөбө I айылынын өкүлү
6) Биназаров Табылды Байматбекович - Таш-Дөбө II айылынын өкүлү
7) Артыкулов Айбек - Бер-Булак айылынын өкүлү
8) Таласбаев Керимбек Эркебекович – Малиновка айылынын башчысы
9) Ергешев Азамат Бектурович – №1 Чокморов-Заречное округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.
10) Касымалиева Венера Качкынбаевна - №2 Таш-Дөбөнүн округунан. Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты
11) Омралиев Кенжебек Абымович - №2 Таш-Дөбө округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты
12) Султанов Максат Өмүрбекович - №4 Бер-Булак-Малиновка округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.
13) Калманбетов Төрөбек Муратович - №3 Воронцовка округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.
14) Рыспаева Майрамкүл Сыдыкбековна - №3 Воронцовка округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.
15) Мусаев Аман Жаныбекович - №3 Воронцовка округунан Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты.
16) Алымкулов Көлбай Бейшебаевич – Таш-Дөбө айыл өкмөтүнөн элдик курултайдын делегаты.
17) Саксаров Кожобек Аблабекович – Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы.
18) Мукашев Урмат Нурланович – Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси
19) Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси - ыйгарым укуктуу орган тарабынан
20) Аламүдүн филиалынын «Кадастар» мамлекеттик мекемесинин адиси – ыйгарым укуктар орган тарабынан
21) Жумалы уулу Кутманбек – юрист
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |