Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
XXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-июлундагы № 5
Балыкчы шаардык Кенештин жооптуу катчысы
кызматына макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 38- беренесине жана Балыкчы шаардык Кеңештин Регламентине ылайык Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана шаардык Кеңештин Регламентине ылайык, шаардык Кеңештин макулдугу менен Шаршеналы кызы Айгуль – Балыкчы шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы кызматына дайындалсын.
2. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына, интернет сайтына жарыялансын.
3. Балыкчы шаардык Кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыcы, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык Кенештин төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы Ж.М.Абдразаков