Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин
XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2024-жылдын 8-майы № 13
Убактылуу комиссия түзүү боюнча
Арашан жана Чокморов айылдарынын тургундарынын, көрстөн (жай) жери боюнча, оозеки кайрылуусун сессиядан карап чыгып жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айылы менен Чокморов айылынын ортосунда жайгашкан көрстөн (жай) жерин изилдеп, талаш жер маселесин чечүү максатында Арашан жана Чокморов айылдарынын төмөнкү тургундарынан, Арашан айыл өкмөтүнүн адиси жана жергиликтүү депутаттардан убактылуу комиссия түзүлсүн;
1) Алыпкачтиев Сабырбек – Арашан айылынын тургуну
2) Абасканов Жетикан – Арашан айылынын тургуну
3) Нуралиев Жоомарт – Чокморов айылынын тургуну
4) Арипов Райинбек – Чокморов айылынын тургуну
5) Мукашев Урмат Нурланович – Арашан айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, муниципалдык мүлктөр жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси
6) Есеналиев Ильяз Кубанычбекович – Арашан айылдык кеңешинин депутаты
7) Кошокбеков Анарбек Курманбекович – Арашан айылдык кеңешинин депутаты
2. Убактылуу комиссиянын төрагасы Арашан айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, муниципалдык мүлктөр жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси Мукашев Урмат Нурланович болуп шайлансын;
3. Бул түзүлгөн убактылуу комиссиянын иши 2024-жылдын 31 августуна чейин бекитилсин;
4. Убактылуу комиссиянын жыйынтыкталган чечими Арашан айылдык кеңешине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Т.Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Курманбаев А.Б. |