Загрузка документа…
Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Бириккен Арашан айылдык кеңешинин
XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-майы № 14
Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө
Арашан айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектептин бош жер аянтына жаңы спорт комплексин курууга жер бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл өкмөттүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинин жалпы көлөмү 5,1 гектар болгон жер тилкесинен, көлөмү 1,33 гектар жер тилкесин жаңы спорт комплексин курууга бөлүп берилсин;
2. Жаңы курула турган спорт комплекс Арашан айыл өкмөтүнүн балансына алынсын;
3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жан Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлүн.
Төрага | Курманбаев А.Б. |