Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясы
2023-жылдын 3-июлу № 3/1
АРИСтин “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо(COVID -19 га жооп кайтаруу боюнча)” КК АИД-3 Ири долбоор(лор) Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү,Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү долбоорлору жөнүндө
КК АИД-3түн алкагында айыл аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш чаралар жөнүндө жана ири долбоор(лор) Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү,Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесине ылайык бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы токтом кылат :
1.Ири долбоор(лор) Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү жалпы бюджет-2 300 000 сом,а.и. АРИСтин гранты-2 300 000 сом,жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 0 сом, Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу жалпы бюджет-2 200 000 сом, а.и. АРИСтин гранты-2 200 000 сом,жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 0 сом,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахатка кайыш иштетүү боюнча жалпы бюджет-320 000 сом,а.и. АРИСтин гранты-320 000 сом,жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 0 сом бекитилсин.
2. Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү , Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу ,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү боюнча ири долбоорлор Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин.
3. Ири долбоорлордо көрсөтүлгөн обьектилерди техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдар бекитилсин.
4. Өзгөрүш айылындагы кампаны ремонттон өткөрүү , Талды-Суу айылына жаңы техника сатып алуу ,Баш-Кайыңды айылынын тургуну Үсөнкожоев Рахаттын кайыш иштетүү боюнча ири долбоорлорго тиешелүү иш кагаздарды АРИСке өз убагында берүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
6.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
М.Рахатбек уулу |