Редакцияот 03.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясы

2023-жылдын 3-июлу № 3/3

Айылдык кеңештин 2023-жылдын 6 айына карата иш планын бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин регламентине ылайык бириктирилген

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы токтом кылат :

 

1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6 айына карата иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.

 

Төраганын

орун басары

 

М.Рахатбек уулу

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын кезексиз I

II сессиясынын № 3/3 токтому менен

бекитилди

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6 айына

карата түзүлгөн иш планы

 

№

п/п

Каралуучу маселелер

Өтүү

убагы

Даярдоого жооптуулар

1

Айыл аймагында оруп-жыюу жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү,комбайндардын ремонту жөнүндө

 

2023-жыл

август

Туруктуу комиссия,айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси,айыл башчылар

 

2

Айылдарда жашоочулардын таза суу менен камсыз болуусу,тарифтердин чогултулушу жөнүндө

 

2023-жыл

сентябрь

Туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн таза суу боюнча адиси

3

Билим берүү мекемелеринин(мектеп,бала бакча) жаңы окуу жылына карата даярдыгы,ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө

 

2023-жыл август

Туруктуу комиссия

4

Айыл аймагындагы Талды-Суу жана Баш-Кайыңды айылдарындагы муниципалдык ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

2023-жыл сентябрь

Туруктуу комиссия,муниципалдык ишканалардын жетекчилери

5

Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы,айыл аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

2023-жыл

октябрь

Туруктуу

Комиссия

6

Айыл аймагындагы жайыт комитеттеринин жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету

2023-жыл ноябрь

Жайыт комитетинин төрагалары

7

Айыл өкмөтүнүн башчысынын,айыл башчылардын,мекеме жетекчилеринин 2023-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууруалуу отчету

 

2023-жыл

декабрь

Айыл өкмөтүнүн башчысы,

айыл башчылар,мекеме жетекчилери,туруктуу комиссия

 

8

2024-жылга карата иш план иштеп чыгуу,сессияда бекитүү жөнүндө

2023-жыл

декабрь

Айылдык кеңештин катчысы

 

 

Баш-Кайыңды

айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы:

 

 

 

А.Чукулуков