БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясы
2023-жылдын 3-июлу № 3/4
Өнүктүрүү фондко каралган акча каржатын муниципалдык ишканага бөлүп берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Алакуновдун жана муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Молдоевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы токтом кылат :
1.2023-жылдын бюджетинде Баш-Кайыңды айыл өкмөтү боюнча өнүктүрүү фондко деп каралган 405 миң акча каражаты Баш-Кайыңды айылындагы муниципалдык ишкананын техникаларын ремонттон өткөрүү үчүн которулуп берилсин.
2. Баш-Кайыңды айылындагы муниципалдык ишкананын карамагындагы Камаз автомашинасынын,экскватордун жана комбайндын иштен чыккан запасттык бөлүктөрү деффектиленип,каралган акча каражатына техникалар сапаттуу ремонттон өткөрүлсүн.
3. Муниципалдык ишкананын техникаларын өз убагында жана саппатуу ремонттон өткөрүү муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Молдоевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.
5.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
М.Рахатбек уулу |